Жалал-Абад шаарынын мэри биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жайлардын иши менен таанышты

Жалал-Абад шаарында биометрикалык маалыматтарды тапшыруу иши жүрүп жатат. Бүгүн, 12-ноябрда шаардын мэри Салайдин Авазов да биометрикалык маалымат тапшырып, ал жердеги жүрүп жаткан иштерди көрүп келди. Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу иши өткөн жумада башталган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

“Жалал-Абад шаары боюнча 17 жерге маалымат тапшыруу үчүн техникалык каражаттар орнотулган. Эгер ички жарандык паспорту жана жашаган дареги болсо, каттоосуна карабай маалыматты тапшыра берет. Облустун башка район, шаарларында да биометрикалык маалыматтарды тапшыруу иши башталган. Ар бир адам өз каалоосу менен тапшырат, эгер маалымат тапшырбаса, шайлоого катыша албайт”,- деп билдирди Калкты каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Жалил Карабаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан