10 ай аралыгында республикага жалпы 946 миң тонна мунайзат импорттолгон, анын ичинен 508 миң тоннасы бензин, 438 миң тоннасы дизелдик отун. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Күйүүчү-майлоочу майлардын товардык калдыктары ушул жылдын ноябрь айынын башында 87 миң тоннаны түздү, алардын 56 миң тоннасы күйүүчү май болсо, 31 миң тоннасы дизелдик отун.
Белгилүү болгондой, бүгүн Кыргызстанга Казакстандын чек арасында кармалып турган вагондордун курамынан күйүүчү-майлоочу май жүктөлгөн 41 вагон келди.