Эртең Бишкекте мусулмандар жана православдар Кыргызстандын диний абалын талкуулашат

Эртең, 13-ноябрда Бишкекте "Кыргызстандагы ислам жана православие: салт жана азыркы заман" аттуу диндер аралык форум өтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул форумда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, православдык чиркөөнүн Бишкектеги жана Кыргызстандагы епархиясы катышмакчы. Мындан тышкары иш-чарага Евразиялык изилдөөлөрдүн институту жана "Владимир" православдык кайрымдуулук коомунун катышуусу пландалган.

Айта кетсек, 3-ноябрда өткөн Коргоо кеңешинин отурумунда КРнын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы бекитилген. Бул концепция мамлекет жана диний уюмдардын кызматташтыгынын системсиздигин жокко чыгарууга жана диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. Концепцияда диний экстремизмдин жана диний фанатизмдин алдын алуу иш-чаралары каралган. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев диний уюмдар адамдарды бөлүүгө эмес, аларды бириктирип, көтөрүүгө багытталарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан