Ош облусунун башчысы биометрикалык маалыматтарды топтоо иштерин уюшкандыкта аткаруу боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 12-ноябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, жыйында Сооронбай Жээнбеков облустук мекеме-уюмдардын жетекчилерине биометрикалык маалыматтарды топтоодо абдан чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектигин айтып, уюштуруу иштери абдан жогорку деңгээлде болсун деп эскертти. Ошондой эле жыйында С.Жээнбеков облустук жетекчилерди райондордо жана айылдык округдарда маалыматтарды топтоодо жооптуу катары дайындап,  натыйжалуу иш алып баруулары үчүн конкреттүү тапшырмаларды берди.  

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Ош облусуна 110 биометрикалык маалыматтарды топтоочу аппарат алынып келип, адистерге колдонуу эрежелери үйрөтүлүп, облуста биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери кызуу башталды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан