Бишкекте 10 айда мыйзамсыз салынган 97 курулуш сүрдүрүлдү

Бишкек шаардык жеке турак жай куруу департаменти 2014-жылдын январь-октябрь айларында жеке турак жай куруу тармагы боюнча 763 эскертүү берген. Департаменттин талаптарын аткарбагандар боюнча 232 административдик протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилгени айтылды. Мэрия билдиргендей, жалпы администрациялык материалдар боюнча 61 соттук токтом чыгарылган. Жыл башынан бери 97 курулуш сүрдүрүлгөн: 8и сот чечими менен, 89у курулуш ээлеринин өздөрүнүн каалоолору боюнча.  
Октябрь айында мыйзамсыз курулуштар боюнча 103 эскертүү берилип, анын 62си аткарылганы айтылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан