Жалал-Абадда мечиттерди каттоочу атайын комиссия түзүлдү

Жалал-Абад облусунда мечиттерди каттоочу атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облустук казыятта райондук башкы имамдардын катышуусунда жыйын өткөн. Анда Дин башкармалыгынын 2014-жылы 31-октябрда чыккан №275 жана №276-буйругун тааныштыруу, ишке ашыруу маселелери каралды.

Буйрукта айтылгандай, мындан ары аймакта салынчу мечиттердин баары сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. Ага ылайык, каттоону көзөмөлдөөчү атайын комиссия түзүлдү.   

Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров, казыят кызматкерлери, Сузак, Ноокен, Ала-Бука, Токтогул райондорунун башкы имамдары катышты. Алар болгон аракетин жумшоо менен мечиттерди расмий каттоого алуу боюнча комиссия уюштуруу иштерин жүргүзүшөрүн айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан