Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш боюнча үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, үч айлык 2014-жылдын 10-ноябрынан баштап 2015-жылдын 10-февралына чейин уланмакчы.
Иш-чаранын негизги максаты мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана облустун экосистеминин ар кыл биотармагын коргоону камсыз кылууга багытталган.