Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин 50 тарбиячысына “Мектепке чейинки курактагы балдарды окутууда, өнүктүрүүдө жана тарбиялоодогу жаңы усулдарга болгон заманбап мамилелер” аттуу семинар-тренингдер өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, семинар 2 этапка бөлүнүп, биринчиси 10-15-ноябрь күндөрү “Достук” жана “Күн нуру” балдар бакчаларында болот. Бул окутууга 25 тарбиячы катышып, аны Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси С.Айдарова жүргүзөт. Кийинки этап 15-22-ноябрь күндөрүнө пландалып, калган 25 тарбиячынын катышуусу күтүлүүдө.
Аталган семинар-тренинг, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз билим берүү академиясы жана Кыргызстандагы “Save the Children International” уюмунун филиалынын ортосундагы меморандумуна ылайык, “КРдагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында өтүп жатат.