Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда “Ыйык Хан-Теңири” аталыштагы жаратылыш паркы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына КРнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы Токой чарба агенттигинин Аңчылык департаментинин башчысынын орун басары Сабырбек Чукунбаев билдирди.
“Ыйык Хан-Теңири” жаратылыш паркын 2015-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Анын ачылышы менен токой тилкелерин, жаратылыш байлыктарын, андагы жапайы канаттууларды, кайберендерди жана аймактагы калган ак илбирстерди сактап калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт”,- дейт С.Чукунбаев.
Анын айтымында, алыскы жайыттарга коомдук малдын чыгарылышы менен кайберендерге аңчылык жыл санап өсүүдө.
“Жаратылыш паркын Сары-Жаз бассейнинде түзүү пландалууда. Учурда бул аймакта эле канаттуулардын 400дөн ашуун, ал эми сүт эмүүчүлөрдүн 30дан ашуун түрү байырлашат. Негизинен алар мал жайылуучу жайыттарды эмес, аскасы асман челген бийик тоо-таштарды жана кооптуу жайларды мекендешет”,- деп кошумчалады С.Чукунбаев.