18-ноябрь күнү Ошто китепкана жетекчилери үчүн “Китепкана - илим-билимдин жана руханий дүйнөнүн очогу” деген темада жыйын өтөт. Анда азыркы күндө коомчулуктун негизги көйгөйүнө айланган китеп окууга болгон мамиленин солгундап кеткендиги каралат. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда "Канткенде окуучуларды, коомчулукту китеп окууга тарта алабыз?" деген маселенин тегерегинде талкуулар уюштурулат жана видеотүрмөктөр көрсөтүлөт. Ага улай китепканага саякат уюштурулуп, Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата адабий-музыкалык композиция коюлат. Иш-чара №11-мектеп-интернатында өтүп, ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр катышат.