Балыкчы шаарында облус жаштарынын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарды биримдикке чакырган ар кандай акциялар өткөрүлдү. Ошондой эле учурда аткарылып жаткан иштерди талкуулашты. Иш-чаранын алкагында жыйындын катышуучулары шаардагы спорттук комплексти көрүп чыгышты.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен маалым болгондой, мындай иш-чараларды облустун бардык райондорунда өткөрүү пландалууда. Көчмө жыйынга жергиликтүү 5 райондун жана Балыкчы шаарынын жаштар уюмдары катышты.