Баткен шаарынын борбордук мечитинде жаңы эки кабаттуу имарат ачылды. Имараттын биринчи кабаты ашкана, экинчи кабаты кыз-келиндер намаз окуучу жай болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине облус жетекчиси Жеңишбек Разаков, облустук казы Юсуп ажы Балтабаев, аксакалдар жана дин кызматкерлери катышты. Ачылыш аземинде облус жетекчиси жана облус казысы куттуктоо сөз сүйлөшүп, элге ынтымак, ыйман, сабырдуулук жана тынчтык каалашты. Эки кабаттуу имараттын курулушун жеке ишкер Абди Тойчиев каржылап, келишим боюнча 25 жылдан кийин бул имарат толугу менен борбордук мечиттин карамагына өтөт.
Жаңы курулган имарат заманбап шартта салынып, жылуулук, ысык суу, муздак суу системдери толук иштейт.