Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 14-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Ленский, Фучик көчөлөрүндө зымдарды монтаждоо жана №521-трансформаторун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондой эле Ремесленный, Чапаев, Январь, Абдыкадыров, Кайназарова, Орск, Волков, Садыгалиев, Дэн Сяопин, Владимирский, Кустанайский, Очаковск, Троицкая, Ильменская, Власов, Патрис Лумумба, Рязанск, Киев, Ахматбек Сүйүнбаев, Осмонкул, Шүкүров, Жантөшев көчөлөрүнө, Гатчинский, Партизанский, Тажик тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Беш-Күнгөй, Мраморное, Лесхоз, Озёрное, Рассвет, Виноградное, Полевое, Октябрь (Шопоков, Киев, Жаш Гвардия, Весёлая, Фрунзе, Шоссейная көлөрүнүн

1-бөлүмү), Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Зелёная, Логвиненко, Коллекторная көчөлөрү), Ленин ("Бакай" базары тарап, Набережная, Алматы, Виноградная, Восточная көчөлөрү), Луговое, Константиновка, Келечек, Мурас-Ордо конуштарында жарык өчөт.

Мындан сырткары Москва районуна караштуу Садовое (батыш бөлүгү), Петровка (Озёрная көчөсү), Предтеченка, Кызыл-Туу, Аң-Арык айылдарында, Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында;

Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровкада аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан