13-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 178 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,52 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 203 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 205 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 583 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 617 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 13-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 424 миллион метр кубду түзгөн.