Төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу операциядан кийин Индияда 13 аял каза тапты

Төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу операциядан кийин Индияда 13 аял каза таап, операция жасаган дарыгер камакка алынды. Бул тууралуу 13-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 59 жаштагы дарыгер Мадхья-Прадеш штатында колго түшүрүлгөн. Ал журналисттерге күнөөлүү эместигин, операциялары ийгиликтүү аяктаганын билдирген. Ал эми аялдар колдонуу мөөнөтү бүткөн дарыларды ичип көз жумушканын кошумчалаган. Өкмөт дарыгер атаган дарыларды иликтөө иштери бүткөнгө чейин сатууга тыюу салган. 

Белгилүү болгондой, Гупта аттуу дарыгер 8-ноябрь күнү 8 сааттын ичинде 80ге жакын аялга операция жасаган. Алардын 13ү каза болсо, 20дай аялдын абалы оор. Дарыгерге карата "кызмат абалындагы шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ariet7
2014-11-14 02:55:14
8саатта 80!!??
0
dinooou
2014-11-14 04:37:44
Кудай сактааа бул эмне деген шумдук! Эмне аялдардын ичине колун салып операция жасаптырбы?Ошондо ар бир аялга ондон мүнөт убактысын кетирген болуп калабы?
Бирок жаман иш болуптур 13 айымдын каза тапканы,калгандары айыгып кетсе экен!
0
Dadasdasd
2014-11-14 10:50:31
Аллахтын эскертуусу. Ырыскы табуудан коркуп торотту тыйуу куноо иш.
+1
bayana1987
2014-11-14 12:51:33
Dadasdasd, баардык жерге Аллахты кошо бербегилечи..доктрудун эле шалаакылыгы...
0
joma88
2014-11-14 13:35:49
80 аялды 8 саатта 1 аялга 6 минутадан туура келип жатат операция доктор обед кылса керек ещё и туалетке 1-2жолу барса керек как минимум получается каждого по 4.5 минута
0
Aksy-13
2014-11-14 20:35:59
Шумдугун кургууур. Акча учун адам омуру ойлонтуп да койбоптур да ынсапсызды. Эми калгандарын кудайым озу сактасын. Балдарынын ырысына аман-эсен айыгышып кетишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан