"Макмал" алтын комбинаты эки айлык тыныгуудан кийин кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов билдирди.
“Эки ай аралыгында комбинатта 40 миң тоннадай кен топтолду, эми дагы 40 миңдей тонна кен топтолмокчу. Ошентип, кен комбинаты апрель айына чейин тынымсыз иштейт”,- дейт Т.Мамытов.
Эске салсак, Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын чыгаруучу комбинаты кендин жоктугуна байланыштуу июль айында ишин убактылуу токтоткон. Белгилүү болгондой, аталган комбинатта 1200гө жакын адам иштейт.