Кыргызстанда бүгүн, 14-ноябрда таңга маал жер титиреди. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айыл аймагынан 17 чакырым алыстыктан орун алды. Саат 07:24тө катталган жер силкинүүнүн күчү 5-6 баллга жетти. Аталган аймактагы Коргондуу-Булак айылындагы үйлөрдө жарака кетиши мүмкүн экени айтылууда. Жер титирөөнүн күчү Каракол шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллга жетти.