ӨКМ: Жер титирөөнүн күчү Ысык-Көлдө 7 баллга жетти, кыйроолор жок

Кыргызстанда болгон бүгүнкү жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 7 баллга жетти. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына таянсак, жер силкинүүнүн күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

Жер титирөөнүн очогу Кажы-Сай айылынан 17 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашканы айтылды.

"Азыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор болгон жок",- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jentelman
2014-11-14 10:01:59
Кайра кайталанышы мумкунбу?канча убакытта
0
barsa1984
2014-11-14 11:56:08
Катуу эле болду го, кантип кыйроолор жок? Бөкөнбаев айылын кыдырып көргүлөчү жылуу кабинетте олтуруп алып элди калп эле алаксытпай.
0
Kairatmyn
2014-11-14 14:26:40
Ажобуз айткандай бизди бир Кудай сактап бир Кудай колдоптурда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан