Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтөт

Бишкекте бүгүн 14-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтөт.

Кыргызстандын диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынан маалымдагандай, кант диабети менен жабыркагандарга арналган концерт өтөт.   

Иш-чаранын жүрүшүндө кант диабети маселесине арналып чыгарылган видеотасмалар көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле кант диабети жана анын алдын алуу жаатындагы маалымат баракчалары таратылат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда кант диабети менен расмий түрдө 43 миң адам жабыркайт. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, өлкөдө кант диабетине чалдыккандардын саны 160 миңге жакын болушу мүмкүн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан