Өлкөдөгү 134 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары бир маал ысык тамак менен камсыздалды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 134 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары бир маал ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун "Азык-түлүк менен камсыз кылуу" программасынын координатору Роза Кайыкова билдирди.

Долбоордун алкагында 2015-жылдын аягына чейин Кыргызстандын аймагындагы 250 мектептин кенже класстарынын окуучулары ысык тамак менен камсыздалмакчы. Өлкөдө жалпы 2204 мектеп бар, алдыда турган негизги максат - бардык мектептерде ысык тамак уюштуруу. Долбоор аркылуу бөлүнгөн каражаттан ар бир баланын тамагына 7 сомдон бөлүнөт. Андан тышкары ата-энелер менен кеңешип, алар дагы 5-10 сомдон берип турушат”,- дейт Р.Кайыкова.

Долбоор Кыргызстандагы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жана Бишкектеги БУУнун "Азык-түлүк" программасынын негизинде ишке ашырылууда.

Мектеп окуучуларына атайын меню иштелип чыккан, анда 60тай тамактын түрү бар. Ар бир күнү ар башка тамак берилет. Натыйжада балдарга мектепте бир маал калориялуу, даамдуу тамак ичип турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”,- деп кошумчалайт Р.Кайыкова.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан