Бишкекте КРнын Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Илимдер академиясынын илим жана техника музейиндеги көргөзмө залынын ачылышы менен башталды. Андан соң окуу жайдын имаратынын алдындагы аллеяда академияны убагында жетектеп келген М.Скрябин, И.Ахунбаев, К.Каракеев, М.Адышевдин эстеликтеринин ачылыш аземи болуп өттү. Ага кыргыз илиминин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон академиктер, КРнын Премьер-министри Ж.Оторбаев, вице-премьер-министр Э.Сариева, КРнын Президентинин аппаратынын башчысы Д.Нарымбаев, ЖК депутаттары жана Орусия, Казакстандан келген академиктер, илимпоздор катышты.