Кыргызстандан Орусияга кеткен автобус бузулуп, анын 44 жүргүнчүсү 3 күн токойдо жашашканы айтылды

Кыргызстандан Москвага сапар тарткан Мерседес үлгүсүндөгү автобус жолдон бузулуп, анын жүргүнчүлөрү 3 күн бою токойдо жашашкан. Автобуста жалпы 44 жүргүнчү, анын ичинен үчөө жаш балдар болгон. Алар Златоуст шаарына жакын жайгашкан токойдо жашашкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, орто жолдон жүргүнчүлөрдү алып бара жаткан автобустун кыймылдаткычы бузулуп калган. Аны айдоочу менен жүргүнчүлөр өздөрү оңдоого аракеттенишип, 3 күн бою токойдо жашаганга туура келген. 

Аталган жолдон өткөн айдоочу окуя тууралуу куткаруучуларга айтып берген. Натыйжада аталган жерге куткаруучулар келип, унаада үшүгөн жүргүнчүлөрдү Златоуст шаарындагы мектеп-интернатка жеткирип, аларга ысык тамак уюштурушкан. Ал эми автобустун айдоочусу Челябинск шаарына барып керектүү тетиктерди сатып алып унаасын оңдогон соң, алар кайрадан жолго чыгышкан.

    

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
crishti_7
2014-11-14 16:01:49
ммм...
+1
aiba_00
2014-11-14 16:56:00
Ушу коп угам да автобус менен кеткенде ушинтип бузулуп калып жайкысын чолдо суусу жок калышып жудоп какап аран жетиптир, эми кышында карап кой, Техникага ишениш жок ошенсе да узак жолдо автоунааларын ишеништуу болгондой карап чыкса. Элди кыйнабай.
+2
kg.sity93
2014-11-14 18:21:42
Ошону айтсаныз..элдин автобуста кыйналганы аз келгенсип автобусу бузулганын.жаман болуптур..эми го отту кетти.
+1
al-abu-kinesz
2014-11-14 21:53:07
Техника да, ишениш жок.. а дейбиз бу дейбиз, орус ХХХ, ХХХ деп жамандайбыз, жакшы иш кылышыптыр баракелде!
-1
admin_superstan
2014-11-14 23:20:47
al-abu-kinesz, башкалардын улутун кемсинтүүчү сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз!
0
Faina
2014-11-14 22:28:03
иий байкуштар жаш балдарга жаман болгон экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан