Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткен жарандардын саны 150дөн ашып, анын ичинен 10го жакын адам каза тапканы кызуу талкууланууда. Алардын арасында беш үй-бүлө, аялдар жана балдар да бар. Ош шаарынан Cириядагы согушка кеткен жарандардын өздүктөрүн тактоо боюнча бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Бүгүн, 14-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, 11-ноябрдан бери жүргүзүлгөн тактоо иштеринен кийин аталган аймактан Сирияга 7 адам кеткени аныкталды.
Буга чейин белгилүү болгондой, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 49 жаштагы тургуну Саибжан 47 жаштагы аялын, 27, 25 жана 20 жаштагы үч уулун Сирияга алып кеткен. Жакында анын 20 жаштагы уулу каза тапкан.
"Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну да учурда Сирияда жүргөнү аныкталды. Ал эми Араван районунун Чек-Абад айылынан кеткен 34 жаштагы жаран Орусия аркылуу Сирияга өтүп, ал жакта түркмөн аялга үйлөнүп алган экен",- дейт З.Сыдыков.
Учурда Ош ШИИБине 5 жаран балдарын Сириядан кайтарып берүүгө жардам сурап кайрылышкан. Алардын бири Кара-Суудан Сирияга кеткен Саибжан аттуу жарандын 93 жаштагы апасы. Ал карыганда жалгыз калганын айтып, неберелерин кайтарып берүүгө көмөк сураган.