Маалыматка ылайык, 15-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жана Манас кең көчөсүндө жарык өчүшү мүмкүн.
Ал эми 16-ноябрда Исанов, Фрунзе көчөлөрүндө, Москва көчөсүндөгү №190-көп кабаттуу үйдө №427, 1497, 2082-трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
17-ноябрда Бишкек шаарынын Тажик, Туюк, Партизан, Бакаев, Январь, Гатчинск, Товарный, Кайназарова, Брестская, Волков, 9-январь, Дэн Сяопин, Садыгалиев, Нежная, Кустанайский, Владимирск, Патрис Лумумба, Власов, Троицкая, Ильменская, Фучик, Ленский, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Бектенов, Скрябин, Шүкүров, Жантөшев көчөлөрүнө, Орский тар көчөсүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ушул эле күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка (Родниковая, Южная, Марат, Ала-Арча, Новая, Кара-Суу, Түлөбердиев, Виноградная, Жаш Гвардия, Совхоз, Школьная, Жапарова көчөлөрүндө), Кырман, Учкун, Лебединовка (Чүй, Түштүк, Нарын, Манас көчөлөрүндө), Бер-Булак, Арчалуу, Байтик, Көк-Жар (Достук, Көк-Жар, Шабдан баатыр, Коңур Осмон, Элебаев, Үмөталиев, Маликов, Матыев, Нурмамбетов, Бишкек, Арпачиев, Полевая көчөлөрүндө жана Панорама тарапта), Васильевка, Полевое, Виноградное, Прибойное, Октябрь (МТФ), Таш-Дөбө (дачалар) айылдарында жана Кырман конушунда, Сокулук районуна караштуу Сокулук, Романовка (батыш тарап) айылдарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.