"Жашылдандыруу" ишканасы б
орбор калаанын көчөлөрүндөгү арыктарды тазалоочу жаңы техниканы сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу 14-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. "Тазалоочу машиналар жалпысынан 7 миллион 100 миң сомго сатылып алынган. Анын 2,5 миллион сомун Жаратылышты коргоо фонду бөлсө, калган каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн",- дейт "Жашылдандыруу" ишканасынын башчысы Анвар
Атантаев.
Азыркы тапта арыктарды, көпүрө астын жана өтмөктөрдү тазалоочу техника Жибек Жолу жана Алматы көчөлөрүндө колдонулуп жатат.