Бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл облусунда судьялар үчүн «Кыргыз
Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өңүттөрү» деген аталышта семинар өттү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотунун судьясы Айжамал Ажибраимова лекция окууда.
Анда шайлоо талаш-тартыштардын
түшүнүгү жана алардын жиктемеси, шайлоо
мыйзамындагы жаңылануулар жана шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу
демилгелери, укук коргоо органдары тарабынан арыздарды
жана даттанууларды кароо, шайлоо талаш-тартыштарын сотто кароо өзгөчөлүктөрү, сот ишин кароонун процесстик тартиби, шайлоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчили
к маселелери каралууда. Семинардын ишине 12
судья катышып жатканын Жогорку Соттун басма сөз
кызматы билдирди.