Бишкекте жеңил өнөр жай продукцияларынын жарманкеси өтүүдө

Бишкекте ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кийим-кечелеринин 5-эл аралык "Күз-2014" аталыштагы көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чаранын алкагында шаар тургундарына Кыргызстандын жеңил өнөр жай компанияларынын сыртка чыкчу продукциялары сатыкка коюлган.   

Жарманке өлкөбүздө 5-жолу уюштурулууда, былтыр ага 58 ишкана катышса, быйыл 68 ишкана катышууда. Өлкөбүздө жыл сайын бул иш-чаранын даражасы көтөрүлүп, жалпы өндүрүүчүлөр жана жарандар үчүн кошумча аянтча түзүлүүдө. Көргөзмөгө кийим-кечелер, текстиль, тор кийим, тери, булгаары сыяктуу буюмдар коюлду”,- дейт жеңил өнөр жай ишканаларынын “Легпром" ассоциациясынын менеджери Наргис Байтерекова.

Ал эми жарманкенин катышуучусу Рахат Жээналиеванын айтымында, мындай көргөзмөлөр Кыргызстанда чыгарылган товарлардын кардарларынын санын көбөйтүүгө кошумча шарт түзүүдө. “Бизде чыгарылган кийим-кеченин басымдуу бөлүгү цехтен эле түз Орусия же Казакстанга жөнөтүлөт. Ошол себептен улам мекендештерибизде бизде өндүрүлгөн жакшы сапаттагы кийимди алууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Акыркы беш жылдан бери аталган жарманкенин алкагында кыргызстандыктар өзүбүздөн чыккан жогорку сапаттагы кийим-кечелерди жеткиликтүү баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө”,- дейт Жээналиева.  

Жарманке 17-ноябрга чейин уланмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан