Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 14-ноябрда Ала-Тоо конушундагы мектептин курулушу менен таанышты. Көчмө жыйындын максаты - курулуш иштерин көрүү жана мектепти колдонууга берүү күнүн аныктоо. Мэрия билдиргендей, 500 окуучуга ылайыкталып курулуп жаткан мектеп Казакстандын "Самрук-Казына" фондунан каржыланууда. Курулуш иштери дээрлик бүтүп калганы, жаңы окуу жайы айдын аягында колдонууга бериле турганы айтылды.