Жер титирөөдөн Тоң районунда 203 үйдүн дубалынан жарака кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттери жөнүндө кошумча маалымат берди. Маалыматка таянсак, жер силкинүүдөн жалпы 6 айылдын имараттары жабыркады. Кененирээк төмөндө: 
Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен Кажы-Сай шаарчасында 21 турак жайдын жана “Хадича” реабилитациялоо борборунун, Кажы-Сай шаарчасындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектептин жана балдар бакчасынын дубалында 3-4 миллиметрлик жаракалар чыкты. Окуу процесси токтотулду. Маданият үйүнүн дубалдарында 7-8 сантиметрлик жаракалар пайда болгон.  

Ак-Терек айыл аймагында 89 турак жайдын (Кара-Коо айылында 24 турак жай, Кызыл-Туу айылында 9 турак жай, Бар-Булак айылында 23 турак жай, Калкагар айылында 12 турак жай жана Дөң-Талаа айылында 21 турак жай) дубалында жарака чыкты.

Көк-Мойнок айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен 75 турак жайдын (Көк-Мойнок-1 айылында 30 турак жай, Көк-Мойнок-2 айылында 24 турак жай жана Ак-Өлөң айылында 21 турак жай) дубалында жаракалар пайда болгон.    

Тоң айыл аймагындагы Коргонду айылында 15 турак жайдын жана 1 Маданият үйүнүн, Сары-Талаа участогунда 2 турак жайдын дубалынан жарака кетти.

Күн-Чыгыш айыл аймагында Бөкөнбаев айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин дубалдарынан 2-4 миллиметрлик, Шамий атындагы орто мектебинин дубалынан 2 миллиметрлик жана мектептин отканасынын дубалынан 3-4 сантиметрлик жарака кетип, откана авариялык абалга келген.

Дубалынан жарака кеткен мектептердин катарында Алтымышбаев атындагы орто мектеби бар. Окуу процесси убактылуу токтотулган.

Балыкчы шаарында жер титирөөнүн кесепетинен Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 1 турак жайдын дубалынан 3-4 миллиметрлик жарака чыкты. 

Жети-Өгүз району боюнча: 

Тамга айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен Тосор айылында 15 турак жай көзөмөлгө алынды.

Тоң районунда жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 202 турак жайдын, 4 орто мектептин, 1 бала бакчанын, 1 реабилитациялоо борборунун, 1 Маданият үйүнүн жана 1 интернаттын дубалдарында жарака пайда болгон.

Жети-Өгүз районунда 15 турак жай көзөмөлгө алынган. Балыкчы шаарында 1 турак жайдын дубалынан жарака чыкканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан