Кыргызстанда 2013-жылы автоунааны нормадан жогорку ылдамдыкта айдап эреже бузуу боюнча 114 400 факт катталган. Маалыматты 15-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлиги "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун башчысы Чынара Касмамбетовага шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка таянсак, жогорку ылдамдык менен эреже бузуу жол кыймылынын башка эреже бузууларына караганда эң көп катталган. 2012-жылы бул көрсөткүч 195 652 фактыны түзгөнү айтылды.
"2013-жылы өлкөдө 7 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1217 адам көз жумган. Мунун ичинен жаш балдар катышкан автокырсыктардын саны 1533. Жол кырсыктарынан 1648 бала жаракат алса, 143 бала кайтыш болгон. 2013-жылы автокырсыктардан жалпы 10 738 адам түрдүү деңгээлде жаракат алган",- деп билдирет министрлик.