7-ноябрдан 14-ноябрга чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 205 арыз жана кайрылуу түштү. Алардын 96сы каттоого алынып, 64 кайрылуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү. Тактап айтканда, катталган кайрылуулардын 66 пайызына чара көрүлдү. Муну бүгүн, 15-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Кайрылуулардын көпчүлүгү электр энергиясы, шаардын санитардык тазалыгы, көрктөндүрүү жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелери боюнча болгону айтылды.