Бишкекте Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “Заманбап илим: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” темасына арналган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара көрүнүктүү экономист, окумуштуу-педагог Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Матюхиндин 90 жылдык мааракесине байланыштуу уюштурулду. Аталган жыйында Матюхиндин илим жаатына жана экономиканын теориясына кошкон салымы талкууланды. Мындан тышкары катышуучулар анын улуттар аралык достук, билим берүү жана тынчтыкка болгон умтулуусун белгилешти.