17-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 43 миллион метр кубду түздү

17-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 43 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,7 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 195 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 192 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 599 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 571 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 17-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 282 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан