15-ноябрда шаардагы №37-орто мектепте башталгыч класстарда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында “Окуучуларды класста баалоонун жаңы усулдары” деген темада калаадагы башталгыч класстын мугалимдери семинар өткөрүштү. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жыйында аталган усулду мугалимдер окуучуларга ачык сабактарды өтүү менен көргөзүп беришти. Соңунда жалпы мугалимдер бүгүнкү күндө инновациялык усулдарды колдонуунун артыкчылыктары көбүрөөк натыйжа берерин белгилешип, өздөрүнүн иш тажрыйбасында колдонушарын айтышты.