Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы
А.Асамидиновдун айтымында, райондо 2014-жылдын жыйынтыгы менен эгин жыйноо 100 пайызга аткарылган.
Белгилүү болгондой, айыл чарба тармагы улуттук кирешенин 80 пайызын түзөт. Азыркы учурда эгин-тегин жыйналып, күздүк себүү иштери 90 пайызга бүткөрүлдү. Ошондой эле Кадамжай районунун айыл аймактарында ири мүйүздүү малдын тукумун асылдандыруу иштери жүргүзүлүп, жасалма жол менен уруктандыруучу 8 пункт ачылды.