Этникалык кыргыздардын 300 үй-бүлөсүнө Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндө үй салуу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кошумчалай кетсек, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги учурда этникалык кыргыздардын жашоо шартын жеңилдетүү жана жакшыртуу тармагында иш алып барып келет. 2014-жылдын алгачкы 6 айында 1214 этникалык кыргыз тарыхый мекенине ыктыярдуу кайтып келип, "кайрылман" статусун алган. Бул статус КРнын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус.