Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 18-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Жумабек, Керимбеков, Валдайская, Репин, Бах, Волков, Владимирский, Брестский, Кустанайский, Дэн Сяопин, Стаханов, Кайназарова, Профсоюзная көчөлөрүндө, Керемет, Көк-Жар, Арча-Бешик конуштарында оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка, Бирлик, Ленин ("Бакай" базары жана кичи ГЭС тарап, Набережная, Алматы, Виноградная, Восточная көчөлөрүндө), Заречное, Достук, Пригородное (Дорожная, Широкая, Серёгин, 8-Март, Марат, Береговая, Новая, Лесная, Островский көчөлөрүндө), Аламүдүн (Панфилов, Иваницин, Набережная көчөлөрүндө, Дальний, Чүй тар көчөлөрүндө), Кайырма, Арашан, Татр, Чуңкурчак, Тоолуу Маевка, Кой-Таш, Кызыл-Бирлик, Прохладное, Көк-Жар (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадиев, Төрт-Күл конушу) айылдарында маал-маалы менен жарык өчөт. Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Степное айылында, Москва районуна караштуу Ак-Суу, Крупская, Александровка (чыгыш бөлүгү) айылдарында, Кирпичный завод кыштагында, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновкада (Токтогул, Полярная, Фрунзе, Пушкин, Ала-Арча жана оорукана тарап) электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2014-11-17 15:53:04
Gulzhan, саламатсызбы!
Ката оңдолду, рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан