Аскар Салымбеков көпчүлүктү биригип 7 миң киши батчу спорт борборун курууга чакырды

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков бүгүн, 17-ноябрда волейбол боюнча Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдештин ачылышында сөз сүйлөп, көпчүлүктү биригип спорт борборун салууга чакырды. 
"Волейбол оюну Кыргызстанда массалык түрдө өнүгүп жатат. Эми жогорку тепкичке чыгышыбыз керек. Эмне үчүн Азия оюндарына, Дүйнө чемпиондугуна чыга албайбыз? Акыл калчап, 10-15 баланы даярдап алып, эл аралык деңгээлде татыктуу оюн көрсөтүүгө убакыт келди. 1974-жылдан бери ушул залда ойноп келебиз. Мына, андан бери эгемендүү мамлекет болдук. 5 миң, 7 миң кишиге туураланган спорт ордосун салып, түрдүү мелдештерди, концерттерди өткөрсөк болмок. Баарыбыз ушул маселени бир ойлонуп, салымыбызды кошолучу. Казактардын шаарларында үчтөн спорт борборлору салынып калды, бизде болсо бирөө да тура элек. Бул уят!"- деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mushker2013
2014-11-17 17:03:42
Азаматсыз!
+3
33SUUN
2014-11-17 17:48:32
Озунузго окшогон миллионерлерден беш-алтоосун чакырып алып кургула спорт ордосун.Карапайым эл,мага окшогондор 2болмолуу уй куруп,бала-чакабыз менен,тамак ашыбыз кенен болуп жашасак эч кимден уялбай жашай берет элек.
+5
gulmi
2014-11-17 21:41:03
Уят деле жок!ушунча акчасы менен озу деле салып койбойбу же унчукпай койсун,озунун жеткен зыкым экенин белгилебей.
+1
kama_future_millioner
2014-11-18 03:51:28
Азаматсыз көп түкүрсө көл болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан