Өлкө аймагындагы салынган мечиттердин көбү ашар жолу менен салынууда. Учурда Кыргызстанда 460 мечит каттоодон өтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда ЖКнын Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин Ош шаарында өткөрүп жаткан диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесине арналган көчмө жыйында муфтий Максат ажы Токтомушев билдирди.
“Кыргызстанда учурда 460 мечит каттоодон өткөн эмес. Салынган мечиттердин басымдуу бөлүгү мамлекет тарабынан эмес, ашар жолу менен салынууда. Ошол себептен улам алардын кандайдыр бир бөлүгү каттоодон өткөн эмес. Учурда каттала элек мечиттерди текшерүү иштери жүрүүдө”,- дейт М.Токтомушев.