Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусунда түзүлгөн кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков баштаган ыкчам топ түзүлүп, Ысык-Көл облусундагы жер титирөө болгон жерлерге барып, кырсыктын кесепеттерин аныктоо-иликтөө иштерин көзөмөлдөө максатында жөнөтүлдү.
Айта кетсек, акыркы алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн кесепетинен Тоң районунун Кажы-Сай айылында 1 мектеп, 1 бала бакча жана Маданият үйүнүн дубалдарынан 3-4 миллиметрден 7-8 сантиметрге чейин жаракка кеткен. Азыркы учурда Жарандык коргонуунун комиссиясы аныктоо-тактоо иштерин улантууда.