Эртең, 18-ноябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын борбордук китепканасында “Эгемендүү мезгил жана руханий дүйнө” аталышындагы гуманитардык илимдерге арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда аталган академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде гуманитардык илимде кыйынчылыктар болгон. Бирок алар ошого карабай илимдин багыттарын тегиз колго алышып, базар экономикасына карабай изилдөөлөрдү жүргүзүп келгендигин 1 миңден ашуун чыккан монографиялар, китептер күбөлөп турат” деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, көргөзмөгө коюлчу эмгектер ЖОЖдордо жана мектеп мугалимдери үчүн окуу куралдары катары колдонулууда. Көргөзмөнү Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү уюштуруп жатат.