Жумуш учурунда каза тапкан оперкызматкердин үй-бүлөсүнө 2 миллион 300 миң сом компенсация төлөнөт

Жумуш учурунда каза тапкан Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө 2 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Маалым болгондой, КРнын “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу” мыйзамына ылайык, милиция кызматкеринин жумуш учурунда каза тапкандыгына байланыштуу Бакай Сыдыгалиевдин жубайы жана 2 баласына пенсия берилмекчи. Ага ылайык, маркумдун балдары 18 жашка чыкканча ай сайын 13 824 сом өлчөмүндө жөлөк пул алып турушат.

Ошондой эле кызматтык милдетин өтөөдө курман болгон оперкызматкердин үй-бүлөсүнө материалдык көмөк катары 2 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
restreppo
2014-11-17 18:52:49
жакшы рахмат!!! силерге
0
Ariet7
2014-11-18 01:44:23
иии байкуш аай алда шордуу ай эки баласы м.н менден беш бетер ииииийииий
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан