Ош. Шаарда 2014-жылдын алгачкы 9 айында 158 кызмат адамы тартиптик жана 7 адам административдик жоопкерчиликке тартылган

Ош шаарында 2014-жылдын алгачкы 9 айында 158 кызмат адамы тартиптик жана 7 адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата атайын илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө мэр Айтмамат Кадырбаев билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.  

“Ушул жылдын 9 айында шаардык прокуратура тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл иретинде 177 текшерүү жүргүзүлүп, 363 прокурордук актылар келтирилген. Бул иш-аракеттердин жыйынтыгы менен 3 миллион 59 500 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Ошондой эле 158 кызмат адамы тартиптик жана 7 адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Өткөн 9 айда шаардык прокуратура тарабынан козголгон 31 иштин тергөөсү аяктап, сотко жөнөтүлгөн. Бул аткарылган иштер менен эле токтоп калбастан, мындан ары да көптөгөн иштерди жасашыңыздар керектигин белгилеп кетким келет”,- деди Айтмамат Кадырбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан