Ички иштер министрлиги диний экстремизмдин алдын алуу, террорчулук жана радикалдык идеологияга жол бербөө максатында Бишкек жана Ош шаарларында студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө жаштарга "Аль-Каида", "Талибан кыймылы", "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами", "Түркстандын ислам партиясы" жана башка тыюу салынган диний кыймылдар боюнча лекциялар окулду. Студенттер аларды кызыктырган суроолорду берип, жоопторго ээ боло алышты. "Күндөн-күнгө коом диний күчтөр кандай коркунучтарды алып келгенинен кабардар болушууда. Экстремизм мамлекеттик бекемдүүлүккө, улуттар жана диндер аралык биримдикке чоң коркунуч жаратат",- деп билдиришти ИИМден.