Ош шаарында кир жуугуч жана муздаткычтарды иштеп чыгаруучу завод ушул айдын аягында ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Завод “Жим-Мей” биргелешкен ишканасы менен биргеликте ишке ашырылууда. Ага жалпысынан 5 миллион доллар сарпталган. Завод ишке кирген күндөн баштап Ош шаарынын бир топ жараны жаңы жумуш орундары менен камсыздалмакчы.
“Ош шаары эле эмес, бүткүл Кыргызстандын түштүгүндөгү облустар аталган турмуш-тиричилик техникасын алууда бир топ жеңилдиктер болот”,- деп белгилешти мэриянын маалымат кызматынан.