Жаңы тарифтик саясат боюнча коомдук угуулар Ош жана Нарында өткөндө курч суроолор берилгени айтылды

Бүгүн, 18-ноябрда маалымат жыйынында Отун-энергетикалык комплекс боюнча мамлекеттик департаменттин директору Нурбек Элебаев жаңы тарифтик саясат боюнча коомдук угуулар ийгиликтүү өтүп, аларга 12,5 миң адам катышкандыгын айтты.

Анын билдиришинче, Ош, Нарын облустарында жана Ош шаарында өткөн коомдук угууларда курч суроолор жана пикирлер айтылган. "Нарын облусунда электр энергиясынын баасын облустун калкынын көпчүлүгүнө 70 тыйындан кылуу айтылган. Ош облусунда болсо энергетикалык кырдаал оор болгондуктан, жарандар кепилденген ар айлык 700 киловатт-саат көлөмүн 1 миң же 2 миң киловатт-саатка чейин жеткирүүнү сунушташкан",- деди Элебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulmi
2014-11-18 11:11:24
Сунушташтыбы же согуп салыштыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан