Казакстандан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимге кол коюла элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда маалымат жыйынында Отун-энергетикалык комплекс боюнча мамлекеттик департаменттин
директору
Нурбек Элебаев.
Анын айтымында, импорттолчу электр энергиясы доллар валютасында сатылып алынмакчы. "30-октябрда мамлекеттик басылмада бул электр энергиясынын киловатт-сааты 5,13 сомдон деп жазылган. Бул болжолдуу баасы. Келишимге жакынкы күндөрү кол коюлат. Ошондо электр энергиясынын так баасын жарыялайбыз",- деди Элебаев.