18-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 4 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,8 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 192 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 199 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 600 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 653 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 18-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 247 миллион метр кубду түзгөн.