Өлкөдө дин кызматкерлерин аттестациялоо иштери башталды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишин жакшыртуу максатында дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Аттестациянын негизги максаты - эл-журтубузга дин жактан сапаттуу кызмат көрсөтүүдө адистерибиздин билиминин жогору болуусу. Андан тышкары ар бир кызматкердин ишке шайкештүүлүгү, кесипкөйлүгү, диний билимин жана жогорку светтик билими бар экендиги заманыбыздын талабы эмеспи”,- дейт муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов.

Маалым болгондой, дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү үчүн атайы комиссиялык топ түзүлгөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан