Саны аз болгон аркарларды жана тоо текелерди аттырбоого үгүттөгөн активист Бакыт Турдумамбетовду “ажыдаардын куйругун тебелеп жатасың” деп өкмөт аппаратынан коркутушуптур. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда маалымат жыйынында ал өзү билдирди.
“2000-жылдан бери мен аркарларды жана тоо текелерди сактоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. 2003-жылы аңчылык туризм тармагындагы коррупция боюнча макаламды жарыялагам. Андан соң өкмөт аппаратынан мени чакырышып, “бул ишиңди токтот, сен ажыдаардын куйругун тебелеп жатасың” дешкен. Мындан улам эл аралык деңгээлге өтүү керек экендигин туура көрдүм. Ошентип, норвегиялык пикирлештериме туш келдим”,- деди ал.
Анын айтымында, быйыл жазында ал норвегиялык уюм менен Нарын облусунун Ат-Башы районунда сурамжылоо жүргүзгөн. “Биздин максатыбыз аркарлардын жана тоо текелердин жергиликтүү тургундарга болгон социалдык-экономикалык, экологиялык жана маданий таасирин аныктоо болгон. Анын негизинде жыйынтыктоочу макала жазылып, эл аралык басылмаларга жарыяланмакчы”,- деди Турдумамбетов.
Мындан тышкары активист Кыргызстанда аркарларды жана тоо текелерди аттырууга уруксат берген жыл сайын дээрлик 100 лицензия берилерин баса белгиледи.